Орусиялык компания түрк жумушчуларын жумуш менен камсыздашы мүмкүн
Орусиялык компания түрк жумушчу квотасын көбөйтүү үчүн кайрылды.
Орусияда 2018-жылы өткөрүлүшү пландалган ФИФАнын Дүйнөлүк кубогу үчүн стадион жана жайларды салып жаткан орус фирмасы, 1 миң түрк жумушчуну жумуш менен камсыз кылууну каалап жатат.
Орусиялык компания «Crocus İnternational» Ростов менен Калининград шаарларынын губернаторлоруна түрк жумушчу квотасын көбөйтүү үчүн кайрылды.
Чет элдик жумушчуларды жумуш менен камсыздоо боюнча милдеттүү кызмат болгон Эмгек жана социалдык коопсуздук министрлиги болсо, жергиликтүү жетекчилерден түрк жумушчу квотасынын көбөйтүлүшү талабынын себебин сурады.
Министрликтин билдирүүсүндө себеби туура деп табылган учурда түрк жумушчу квотасынын көбөйтүлүшүнө карата талаптын орундалаары баяндалды.
Тектеш кабарлар
Түркиянын аквакультура өндүрүшү өстү
Түркиянын статистикалык мекемеси 2023-жылга карата балык өстүрүү статистикасын жарыялады.
Түркиянын экспортунда рекорд
Соода министри Өмер Болат Стамбулда май айынын тышкы соода көрсөткүчтөрүн жарыялады.