Түркиянын чийки болот өндүрүшү өстү

Түркия болот өндүрүүчүлөр бирикмеси (TÇÜD) апрель айына карата болот өндүрүү, керектөө жана тышкы соода маалыматтарын жарыялады.

2146867
Түркиянын чийки болот өндүрүшү өстү

Түркиянын чийки болот өндүрүшү апрель айында өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 4,4 пайызга өстү.

Түркия болот өндүрүүчүлөр бирикмеси (TÇÜD) апрель айына карата болот өндүрүү, керектөө жана тышкы соода маалыматтарын жарыялады.

Апрель айында Түркиянын чийки болот өндүрүшү өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 4,4 пайызга өсүп 2,8 миллион тоннаны түздү. Жылдын 4 айында болсо өндүрүш 22,1 пайызга өсүп, 12,3 миллион тоннага жетти.

Апрель айында болоттон жасалган продукциянын экспорту 64,6 пайыздык өсүү менен 1 миллион тонна болду.

Январь-апрель мезгилинде экспорт 2023-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 49,4 пайызга өсүп, 4,2 миллион тоннага жетти.

Апрель айында импорт өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 12,4 пайызга азайып 1,5 миллион тонна деп эсептелди.

Январь-апрель мезгилинде 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу чийки болот импорту 5,9 пайызга азайып 5,5 миллион тоннаны түздү.



Тектеш кабарлар