Түркиянын аквакультура өндүрүшү өстү

Түркиянын статистикалык мекемеси 2023-жылга карата балык өстүрүү статистикасын жарыялады.

2148369
Түркиянын аквакультура өндүрүшү өстү

Түркиянын аквакультура өндүрүшү 2023-жылы 18,6 пайызга өстү.

Түркиянын статистикалык мекемеси 2023-жылга карата балык өстүрүү статистикасын жарыялады.

Буга ылайык аквакультура өндүрүшү өткөн жылы мурунку жылга салыштырмалуу 18,6 пайызга өсүп 1 миллион 7 миң 921 тоннага жетти. Өндүрүлгөн продукциянын 38,4 пайызын балык уулоодон алынган деңиз балыктары, 3,3 пайызын ошол эле жол менен алынган башка деңиз азыктары, 3,3 пайызын балык уулоо менен чогултулган ички суу өнүмдөрү жана 55 пайызын аквакультурадан алынган продукция түздү.

Былтыркы жылы балык кармоо 35,5 пайызга өстү. Аңчылык аркылуу өндүрүлгөн продукция 454 миң 59 тонна болсо, балык өстүрүү 553 миң 862 тоннаны түздү. Мурдагы жылга салыштырмалуу деңиз азыктарын кармоо 39,4 пайызга, ички балык кармоо 0,8 пайызга өстү.

Кармалган деңиз балыктарынын саны 387 миң 115 тонна болду. Бул балыктардын түрлөрү боюнча бөлүштүрүлүшү изилденгенде, 273 миң 915 тонна менен эң көп кармалган балык катары анчоус катталды. Андан кийин 45 миң 764 тонна менен чача жана 17 миң 311 тонна менен сардина турат.

Өстүрүү жолу менен ишке ашырылган өндүрүш 2023-жылы 7,6 пайызга өстү. Алардын 399 миң 529 тоннасы деңиздерде, 154 миң 333 тоннасы ички сууларда болду. Өстүрүлгөн балыктардын эң маанилүү түрү ички сууларда 154 миң 6 тонна менен форель, деңиздерде болсо 160 миң 802 тонна менен леврек жана 154 миң 11 тонна менен чипура турат.



Тектеш кабарлар