Түркия жергиликтүү автомобилин жакында чыгарат

Фикри Ышык алгачкы жергиликтүү автомобилдин «Стамбул автомобиль» жарманкесинде көрүүчүлөрдүн назарына сунуштала турганын айтты.

362159
Түркия жергиликтүү автомобилин жакында чыгарат

Түркиянын жергиликтүү автомобиль жасап чыгаруусу үчүн саналуу эле күндөр калды.
Илим, өнөр жай жана технология министри Фикри Ышык, алгачкы жергиликтүү автомобилдин 2018-жылы май айында «Стамбул автомобиль» жарманкесинде көрүүчүлөрдүн назарына сунуштала турганын айтты.
Фикри Ышык сериалуу жасап чыгаруунун болсо 2019-жылдын акырында башталаарын жарыялады.
Жергиликтүү автомобиль 4 башка моделде чыгат. Фикри Ышык бул темага байланыштуу, «Базар изилдөөсүнөн сервис желесине чейин унаанын сегменти «С» сегменти болот. Алгачкы чыгара турган унаанын «В» жана «D» сегменттеринде иштөөнү жакында баштайбыз. 4-прототип 22-декабрда даяр болот. Жип деп билинген кроссовер болот. Техникалык өзгөчөлүктөрүн, баасын инженер жолдоштор белгилеп жатышат», деген маалыматты берди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар