Түркия бал токойлорун өркүндөтөт

Түркияда акыркы 5 жылдан бери бал токойлору курулуп, бал өндүрүүдө сапатты дагы да жогорулатуу максатталууда.

397914
Түркия бал токойлорун өркүндөтөт

Түркия, бал токойлору темасында дүйнөдө маркага айланат.
Токой чарба башкы директорлугу жана Түркиянын аары өстүрүүчүлөрү борбордук биримдиги тарабынан уюштурулган Токой чарба жана аары өстүрүү боюнча семинары Болуда азем менен башталды.
Токой чарба башкы директору Исмаил Үзмез, Түркияда акыркы 5 жылдан бери бал токойлорун куруп, бал өндүрүүдө сапатты дагы да жогорулатууну максаттагандарын айтты.
Исмаил Үзмез Каражасуу жергесинде уюштурулган семинардын ачылышындагы сөз сүйлөөсүндө, «Түркияда аары өстүрүүнү кантип өнүктүрө турганыбызды изилдеп жатабыз. Эми токойлордон экономикалык жактан пайдалануунун да каалгасы ачылды»-деп айтты.
Бал өндүрүүдө дүйнөдө бир марка болууну максаттагандарын баса белгилеген Үзмез, «Токойлорубуз абдан башкача өсүмдүк түрлөрүнө эгедер. Ал эмес сейрек түр саны, Европадагы өсүмдүк түрүнө теңдеш. Ушул жагынан алганда токойлорубуздун бал челекчилер жагынан да абдан чоң байлык болгону белгилүү. Бардыгыбыз бирге иштесек аары өстүрүүнү дагы жакшы жерге жеткире турганыбызга үмүттөнөм»-деп айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар