Фундук экспорту
Түркия үч айда 860 миллион доллар киреше тапты.
Дүйнөлүк фундук өндүрүшүнүн жана экспортунун маанилүү бөлүгүнө ээ болгон Түркия 2015-2016 сезонунун алгачкы үч айында 860 миллион доллар киреше тапты.
Карадеңиздин фундук экспортчулар биримдигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, 1-сентябрда башталган 2015-2016 сезонунун алгачкы үч айында чагылган токой жаңгагынын 100 килограммы орто эсеп менен 944 доллардан сатылганы белгиленди.
Билдирүүдө 1-сентябрь-30-ноябрь күндөрүнүн аралыгында Түркия 88 миң 267,8 тонна токой жаңгагын экспорттоп, андан 860 миллион 530 миң 600 доллар киреше тапканы маалымдалды.
Экспорттун 70 миң 255,1 тоннасынын Европа Биримдигине жасалганы, андан тышкары Европа өлкөлөрүнө 5 миң 635,7 тонна ал эми деңизге жээктеш өлкөлөргө 7 миң 938,1 жана башка өлкөлөргө болсо 4 миң 438,9 тонна токой жаңгагы экспорттолгону сөз кылынды.
Түркия өткөн сезондун тийиштүү мезгилинде 68 миң 33 тонна фундук экспорттоп, андан 779 миллион 781 миң 368 доллар киреше тапкан.
Тектеш кабарлар
![Түркиянын косметика экспортунда өсүү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/aead/90ba/6268/667298499fbb9.jpg?time=1719009532)
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
![Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/e6ba/590e/d2a2/66715dd0cba44.jpg?time=1719009532)
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.