Түркияга келген турист санында өсүү болот
Түркиянын туризм кирешелеринде жылдык орточо 15 – 20 миллиард евролук өсүүнүн болушу күтүлүүдө
Визасыз Европа проектиси жана Түркияны таанытуу платформасынын куруучу төрагасы Мехмет Окумуш визанын толугу менен жоюлушу жана жасала турган таанытуу иштери менен Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдөн Түркияга келген турист санында өсүүнүн болорун белгиледи.
Түркиянын туризм кирешелеринде жылдык орточо 15 – 20 миллиард евролук өсүүнүн болушу күтүлүүдө. Түркия жылдык 130 миллиард евролук тышкы соода көлөмү менен Европа Биримдигинин алтынчы чоң соода өнөктөшү болду. Виза бөгөтү толугу менен жоюлуп, импорт, экспорт, туризм жана транспорт сыяктуу секторлордогу кирешелердин өсүүсү менен 5 жылдык мөөнөттө 250 – 300 миллиард еврого жетет.
Мехмет Окумуш визалардын жоюлушу менен Европа Биримдигинен Түркияга каржоо деңгээли жогору болгон турист массасынын тартылуусу багытында иштердин аткарыларын айтты.
Тектеш кабарлар
![Түркиянын косметика экспортунда өсүү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/aead/90ba/6268/667298499fbb9.jpg?time=1718878216)
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
![Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/e6ba/590e/d2a2/66715dd0cba44.jpg?time=1718878216)
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.