Түркиянын кабарлашуу спутниктери

ТҮРКСАТ 6-Анын 2020-жылы орбитага жайгаштырылышы пландалууда.

418867
Түркиянын кабарлашуу спутниктери

Түркиянын алгачкы улуттук кабарлашуу спутниги ТҮРКСАТ 6-Анын 2020-жылы орбитага жайгаштырылышы пландалууда.
ТҮРКСАТтын башкы директору Энсар Гүл, ТРТ-Хабердин бул темага байланыштуу суроолоруна жооп берди.
5-А жана 5-В спутниктеринин тендер иштеринин уланып жатканын баса белгилеген Гүл, «Буларды 3 жылдын ичинде бүтүрөбүз. Учурда спутник саныбыз төрткө жетти. Биринин убагы бүтүп баратат. Бир эки айдын ичинде орбитанын тышына чыгарабыз. 3 спутнигибиз калат. Бул жаңы долбоор менен спутник санын эки эсеге чыгарабыз»-деди.
48 күндүк сыноо мөөнөтүнүн аякташына саналуу гана күндөр калганда 4-В спутниги да кабарлашууга маанилүү салым кошот. Спутник, дагы көп телеканалга мүмкүнчүлүк түзүп берет. Улуттук билим берүү министрлигинин 5 миң мектепке спутник аркылуу интернет тейлөөсү берилгенин белгилеген Гүл: «Бул мектептер дагы көп тоолуу аянттарда. Бул мектептерибизге интернет кызматын беребиз. Булардын санын да арттырабыз»-деп айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар