Орусиялык туристтер багытын Түркияга бурду

Эки айдын ичинде орто эсеп менен 20 миң орус туристтин Антальяга келүүсү күтүлүп жатат.

414472
Орусиялык туристтер багытын Түркияга бурду


Орусияга бара жаткан жүргүнчү учагы 30-октябрда жерге кулап түшкөндөн кийин Египетке учак каттамдары токтотулгандыктан орус туризм агенттиктери багытты Түркияга бурду.
Орусиянын саякат секторунун катчысы: «Жакынкы келечекте Египетке баруусу керек болгон учактар Антальяга багытталат»,- деди.
Бул абалдын ноябрь-декабрь айларында Антальяга келген орус туристтердин санын 10 пайыз көбөйтүшү күтүлүүдө.
Ушул эки айда орто эсеп менен 20 миң орус туристтин Антальяга келүүсү пландалууда.
Жылдын алгачкы 10 айлык мезгилинде Антальяга 10 миллион 571 миң чет элдик турист келди. Шаарга келген орус туристтердин саны болсо өткөн жылга салыштырмалуу 19.5 пайыз азайып 2 миллион 789 миң болду. Бул да туризмде орто эсеп менен 5 миллиард доллардык кирише жоготту.
Египеттеги резервацияларын жойгон орустар Европа өлкөлөрү кымбат болгондуктан Анталья менен Түндүк Кипр Түрк Республикасын тандашты.
Орусиядан Египетке болгон эс алуу талабынын 1-2 жылга чейин кайрадан жанданбай турганын баса белгилеген туризмчилер, орусиялык туристтерди Түркияга тартуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү керектигин белгилешти.
Ушул тууралуу маалымат берген Жер Ортолук деңиз аймагынын туристтик отел иштетүүчүлөр биримдигинин төрагасы Юсуф Хажысүлейман: «Эгерде 30-ноябрда аяктай турган күйүүчү май колдоосун 1-апрелге чейин узартсак, ушул 5 айлык мезгилде 300 миң кошумча турист 2016-жылдагы туризмге чоң салымын кошот»,- деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар