Өнөр жайдагы көрүнүш

Түркия статистика мекемеси сентябрь айына байланыштуу өнөр жай өндүрүшү индексинин жыйынтыктарын жарыялады.

365084
Өнөр жайдагы көрүнүш

Экономикалык өсүүнүн маанилүү алдыңкы көрсөткүчтөрүнөн бири өнөр жай өндүрүшү жылдык эсепте 2,8 пайыз жогорулады.

Түркия статистика мекемеси (TÜİK) сентябрь айына байланыштуу өнөр жай өндүрүшү индексинин жыйынтыктарын жарыялады.

Буга караганда мезгил жана убакыт таасиринен тышкары өнөр жай өндүрүшү сентябрда андан мурдагы айга салыштырмалуу өзгөргөн жок. Мезгил жана убакыт таасиринен тышкары эсептөөлөрдө сентябрь айында мындан мурдагы айга салыштырмалуу кен байлык жана шахта иштетүү тармагынын көрсөткүчү 3,1 пайыз, өндүрүш өнөр жайы секторунун көрсөткүчү 0,2 пайыз төмөндөсө, электр, газ,буу жана климаттандыруу секторунун көрсөткүчү 2,2 пайыз жогорулады. Мезгил жана убакыт таасиринен тышкары негизги өнөр жай топторунда, мындан мурдагы айга салыштырмалуу эң жогорку өсүү 2,2 пайыз менен кыска мөөнөттүү колдонулуучу товар өндүрүшүндө болсо, эң көп төмөндөө 6,3 пайыз менен узун мөөнөттүү колдонулуучу товарларда көрүндү.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар