Түрк аба жолдору Багдадга жаңы каттамын баштады
Түрк аба жолдорунун «Сабиха Гөкчен» эл аралык аэропортунан тышкы каттамдарга учууларынын саны 25ке жетти.
Түрк аба жолдорунун (THY) «Сабиха Гөкчен» аэропортунан Багдадга учуулары башталды.
Түрк аба жолдору Ирактын борбор калаасы Багдадга баштаган каттамы менен «Сабиха Гөкчен» эл аралык аэропортунан учкан тышкы каттам санын 25ке жеткирди.
Түрк аба жолдорунунун маалымат катчылыгынын маалымдашынча Түрк аба жолдорунун «Сабиха Гөкчен» эл аралык аэропортунан Амстердам, Баку, Берлин, Брюссель, Дюссельдорф, Эржан, Франкфурт, Киев, Кувейт, Лондон, Милан, Мюнхен, Париж, Тбилиси, Тегеран, Тель-Авив, Вена, Рим, Штутгарт, Кельн, Барселона, Даммам, Бахрейн, Эрбил менен катар бүгүн Ирактын борбор калаасы Багдадга каттамы башталды.
Багдад тарифтүү каттамы менен Түрк аба жолдорунун «Сабиха Гөкчен» эл аралык аэропортунан тышкы каттамдарга учууларынын саны 25ке жетти.
Каттамдар 23-ноаябрга чейин жумасына 2 күн, андан кийин жуманын ар күнү эки тараптуу аткарылат.
Тектеш кабарлар
![Түркиянын косметика экспортунда өсүү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/aead/90ba/6268/667298499fbb9.jpg?time=1718832813)
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
![Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/e6ba/590e/d2a2/66715dd0cba44.jpg?time=1718832813)
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.