Эл аралык инвестиция

Дүйнөлүк кризистен кутулуунун жолу эл аралык инвестиция.

388185
Эл аралык инвестиция


Түркия кезектешкен төрагасы болгон Чоң жыйырмалык менен Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюму биргелеше уюштурган форумда дүйнөлүк экономисттер жолугушушту.
Экономика министри Нихат Зейбекчи, инвестиция мүмкүнчүлүктөрү каралган форумда ушул темада орчундуу маселелер бар экенин баса белгиледи.
Түркия кезектешкен төрагасы болгон Чоң жыйырмалык менен Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюму биргелеше уюштурган форумда эл аралык инвестиция темасы талкууланды.
Форумдун ачылышында сөз сүйлөгөн экономика министри Нихат Зейбекчи айрым калыбына келүү белгилерине карабастан дүйнөлүк экономика дагы эле орчундуу инвестиция маселеси менен бетме-бет келген абалда»,-деди.
Зейбекчи пайыздар өтө төмөн болуп, борбордук банктар чоң көлөмдөгү накталай акча менен камсыздаган чөйрөдө инвестициялардын ушунчалык аз болушунун себеби иликтениши керектигин белгиледи.
Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюмунун баш катчысы Ангел Гуррриа да, капитал базарларынын иштиктүүлүгүнүн арттырылуусу керектигине көңүлдөрдү бурду жана сөзсүз узун мөөнөттү өсүү камсыздалышы керек»,- деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар