12 өлкө соода келишимине кол койду

Келишим Атлантада түзүлдү.

350468
12 өлкө соода келишимине кол койду

Америка Кошмо Штаттары да арасында болгон Тынч океанга жээктеш 12 өлкө, Транс-Тынч океан өнөктөштүгүнүн (ТРР) Орток соода келишимине кол коюшту.
Дүйнөлүк экономиканын 40 пайызын түзгөн ТРР өлкөлөрү ушундайча күчтөрүн дагы да арттырууну пландоодо.
АКШнын Атланта шаарында түзүлгөн келишим, 12 мүчө өлкөнүн соода министрлеринин катышуусунда уюштурулган маалымат жыйыны аркылуу коомдук пикирге жарыяланды.
Сүйлөшүүлөрү 2008-жылы башталган ТРРга мүчө өлкөлөр, АКШ, Канада, Япония, Австралия, Бруней, Малайзия, Жаңы Зеландия, Вьетнам, Мексика, Сингапур, Перу жана Чилиден турат.
Америкалык дары-дармек чыгаруучулар, мексикалык автомобиль жумушчулары, япон дыйкандар, канадалык сүт азыктарын өндүрүүчүлөр сыяктуу ар башка тармактарды камтыган жана ТРРге каршы болгон топтор болсо, бул келишимдин чакан ишканаларды жок кыла турганын жакташууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар