Стамбул биржасы сеанстарын баштады
Эркин базарда бир доллар 3 лира 047 куруштан, евро 3 лира 40 куруштан сатылууда.
Биржа Стамбул-100 (BIST 100) индекси бүгүн күндү 0,20 балл жогорулап 74.980,47 балл менен баштады.
BIST 100 индекси мурдагы жабылышына караганда 149,27 балл жогоруласа, банчылык индекси боюнча 0,06 пайыз, холдинг индекси боюнча 0,35 пайыз жогорулоо көрсөттү.
Ачылышта эң көп киреше түшүргөн сектор индекси 1,34 пайыз менен «туризм», эң көп төмөндөгөн сектор индекси болсо 0,60 пайыз менен «коммуникация» болду.
BIST 100 индекси 4,5 күндүк майрам эс алуусунун алдында, арапа күнкү бир сеанста 0,51 пайыз баасын жоготуп жуманы 74.610,20 балл менен жапкан.
Валюта баалары; эркин базарда бир Америка доллары 3 лира 047 куруштан, евро 3 лира 40 куруштан сатыла баштады.
Тектеш кабарлар
![Түркиянын косметика экспортунда өсүү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/aead/90ba/6268/667298499fbb9.jpg?time=1718851155)
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
![Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/e6ba/590e/d2a2/66715dd0cba44.jpg?time=1718851155)
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.