Дүйнөлүк Банк Түркияга насыя берет
Дүйнөлүк Банк Түркиянын саламаттык сактоо системасына колдоо көрсөтүүдө.
Дүйнөлүк банк Түркияга «Саламаттык сактоо системасынын күчтөндүрүлүшү жана колдоого алынышы» долбоорунун алкагында 120 миллион евролук насыя бере турганын жарыялады.
Бул долбоор, айрым жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу, мамлекеттик ооруканалардын иштиктүүлүгүнүн арттырылышы жана Саламаттык сактоо министрлигинин далилдерге негизделген саясат жүргүзүү көлөмөнүн жакшыртылышын максаттайт.
Долбоордун алкагында камсыздала турган насыянын акыркы мөөнөтү болсо 5 жылдан кийин төлөй баштап 10,5 жылда бүтөт.
Дүйнөлүк банктын Түркия боюнча директорунун милдетин аткаруучу Иллангован Патчамутху, Түркиянын ар кимди камтыган саламаттык сактоо тейлөөлөрүн эң жакшы ишке ашырган өлкө болгонуна карабастан, жугуштуу эмес оорулардагы өсүүнүн саламаттык сактоо тармагында маанилүү маселелерден бири болуп жатканын айтты.
Патчамутху: «Долбоор, ушул маселенин чечилүүсүнө колдоо көрсөтүү катары тийиштүү мекемелердин көлөмүнүн күчтөндүрүлүшүн максаттайт»-деди.
Дүйнөлүк банк, түрк өкмөтүнүн 2003-жылы ишке ашыра батаган, «Саламаттык сактоону өзгөртүү программасына» ар түрдүү насыялар менен колдоо көрсөтүп келет.
Банктын изилдөөсүнө караганда Түркия саламаттык сактоо системасын кантип ылдам өзгөртө ала турганы темасында башка өлкөлөргө илхам булагы жана үлгү боло алат.
Тектеш кабарлар
![Түркиянын косметика экспортунда өсүү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/aead/90ba/6268/667298499fbb9.jpg?time=1718898499)
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
![Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/e6ba/590e/d2a2/66715dd0cba44.jpg?time=1718898499)
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.