Түркиянын эң маанилүү экспорт кирешеси

М.Бүйүкекши экспортто эң чоң максаттарынын, экспорттун кошумча наркын арттыруу экенин белгиледи.

387020
Түркиянын эң маанилүү экспорт кирешеси

Түркиянын экономикалык өнүгүүсү жана экспорту, Трабзондогу жыйналышта талкууланды.
Түркия экспортчулар ассамблеясы уюштурган жыйналышка, 77 өлкөнүн элчи жана консулдары катышты.
Жыйналышта сөз сүйлөгөн Түркия экспортчулар ассамблеясынын төрагасы Мехмет Бүйүкекши, экспортто эң чоң максаттарынын, экспорттун кошумча наркын арттыруу экенин белгиледи.
Бүйүкекши өзгөчө салмак жагынан эң жогорку кирешени камсыздаган сектордун кооздук буюмдары сектору болгонун баса белгиледи. Кооздук буюмдары секторунан кийин салмак жагынан киреше алып келген секторлору катары менен коргоо жана авиация өнөр жайы, даяр кийим, конфекция, темир жана темир товарлары, фындык экспорту болуп эсептелет.
Туризм кирешелери да абдан жогорулаганын түшүндүргөн Бүйүкекши, Түркиянын дүйнөдө эң көп турист келген алтынчы өлкө болгонун, өткөн жылы 37 миллион турист өлкөгө киргенин айтты.
Аба жолу транспортунда да Түркиянын чоң баскычтан өткөнүн жарыялаган Бүйүкекши: «Аба жолу транспортунда Түркиянын 10,5 миллиард доллардык экспорт кирешеси бар. Ушул жагынан алып караганда дүйнөдө аба жолу транспортунда АКШдан кийин эң көп валюта алып келген экинчи өлкөбүз»-деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар