ЕБ Түркиядагы баш калкалоочулар үчүн колдоо көрсөтөт

Жардамдын 12,5 миллион евролук бөлүгү Түркиядагы сириялык балдардын билим алуусу үчүн колдонулат.

344253
ЕБ Түркиядагы баш калкалоочулар үчүн колдоо көрсөтөт


Европа Биримдиги Түркиядагы сириялык баш калкалоочулар үчүн 17,5 миллион евролук билим берүү жана азык-түлүк колдоосун камсыздайт.
Европа комиссиясынын билдирүүсүнө караганда, жардамдын 12,5 миллион евролук бөлүгү Түркиядагы сириялык балдардын билим алуусу үчүн колдонулат.
Өзгөчө кыз балдарга жана мүмкүнчүлүгү чектелгендерге билим берүү долбоору менен 200 миң сириялык баш калкалоочу балага окуу куралдары берилип, арабча сабак жана психологиялык колдоо көрсөтүлөт.
Экинчи колдоо менен да үч лагерде жашаган 41 миң сириялык баш калкалоочунун айлык азык-түлүк купонун алуусу үчүн 5 миллион евролук каражат бөлүнөт.
Европа Биримдигинин тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини да Европа Биримдиги камсыздай турган колдоого байланыштуу Европа Биримдигинин ишеним фондунун биринчи жолу так түрдө ишке киришкенин айтты.
Могерини: «Бул Европа Биримдигинин маани бергендигин көрсөтүүдө. Сириялыктарды жана аларга жардам көрсөтүү жоопкерчилигин көрсөткөндөргө маани беребиз. Сириянын бир мууну согуш жана сүргүндөр менен жок болуп баратат. Бир калем менен китеп сириялык балдар үчүн үмүт бериши мүмкүн»,- деп айтты.
Европа комиссиясынын кеңейүүдөн жооптуу мүчөсү Йоханнес Хан да орто эсеп менен 2 миллион сириялыкты кабыл алган Түркияга колдоо көрсөтүүгө милдеттүү экендиктерин белгиледи.
Баш калкалоочулар үчүн Европа Биримдигинен ушул учурга чейин Түркияга жалпы 175 миллион евро каражат бөлүнсө бул сандын 55 миллион евросу колдонулду.
Сирияда кагылышуулар башталган күндөн бери 11,5 миллион киши үйлөрүн таштап кетти. Орто эсеп менен 4 миллион сириялык коңшу өлкөлөргө баш калкалады.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар