Эң ири круиз кемеси «Queen Victoria» Бодрумда
Кемеде көпчүлүгү англиялык 1 миң 982 турист менен 978 кызматкер бар.
Бермуда желектүү круиз кемеси «Queen Victoria» 982 жүргүнчүсү менен Бодрумга келди.
Грециянын Миконос аралынан келген 294 метр узундугундагы круиз кемеси Пашатарласындагы портко токтоду.
Кемеде көпчүлүгү англиялык 1 миң 982 турист менен 978 кызматкер бар.
Пашатарласы, Кумбахче менен Барлар көчөсүн кыдырып соода кылган туристтер жаратылыштын кереметине суктанып, деңизге түшүп эс алышты.
Туристтердин бир бөлүгү болсо Бодрум чебинин айланысында кеме саякатына чыгышты.
Круиз кемесинин мындан кийинки бекети Мармарис шаары болмокчу.
Тектеш кабарлар
![Түркиянын косметика экспортунда өсүү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/aead/90ba/6268/667298499fbb9.jpg?time=1718871402)
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
![Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/e6ba/590e/d2a2/66715dd0cba44.jpg?time=1718871402)
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.