Дүйнөлүк базарлардагы абал
Азия базарларынын олку-солкусу токтой элек, Европа биржалалары да төмөндөп баратат...
Кытайдын пайыз төмөндөтүүсү да биржадагы чукул төмөндөөнү токтото алган жок.
Кытайдагы биржаларда төмөндөө уланууда. Азия базарларынын олку-солкусу токтой элек, Европа биржалалары да төмөндөп баратат...
Кытайда биржалар 5 сеанста 20 пайыз ээриди. Кытайдын Борбордук банкынын пайыз төмөндөтүү чечиминен кийин кайра калыбына келе баштаган Шанхай биржасы эми кайра төмөн көздөй багыт алды. Шанхай биржасы акыркы 8 айдын эң төмөнкү чегине жетти.
Гонконг биржасында да баа жоготуулар 2 пайызга жакындады. Азиядагы башка базарлар да чукул төмөндөөдөн кийин олку-солку болуп турат.
Европа биржаларынын баа жоготуусу биржа ачылаары менен 2 пайызга чыкты.
Америка Кошмо Штаттары да дүйнө базарлары үчүн белгилөөчү ролду ойноодо. Америкада Борбордук банктын келээрки айда пайыз жогорулатуусун баштай ала турганы жөнүндөгү күтүүлөр азайды.
Мунай зат бааларында болсо чукул төмөндөөнүн артынан жогору карай багыт көрүндү. Техас мунайынын баррель баасы 39, Брендт мунайы 43 доллардан жогору чыкты.
Өнүгүп бара жаткан өлкөлөрдүн акча бирдиктери долларга карата төмөндөп баратканда, еврого карата оңолууну көрсөтүүдө.
Алтындын баалары болсо өзгөрбөй турат.
Тектеш кабарлар
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.