Нано бөлүкчөлөрдөн жаңы дарылар чыгарылууда

Бул формула менен курт-кумурскадан баштап бүтүндөй айыл-чарба дарыларынын сапаты жана функциясы жакшыртылмакчы.

333206
Нано бөлүкчөлөрдөн жаңы дарылар чыгарылууда

Америка Кошмо Штаттарында курт-кумурсканын дарылары үчүн чөйрөгө зыянсыз нано бөлүкчөлүү формула иштелип чыкты.
Бул формула менен курт-кумурскадан баштап бүтүндөй айыл-чарба дарыларынын сапаты жана функциясы жакшыртылып айыл-чарбадагы түшүмдүүлүктү арттыруу максатталууда.
«Nature Nanotechnology» журналында чыккан изилдөөгө караганда, курт-кумурска дарыларында колдонулган күмүш тектүү нано бөлүкчөлөр менен лигнин тектүү нано бөлүкчөлөр бириктирилип айлана-чөйрөгө зыян тийгизбей турган формула иштелип чыгылууда.
Изилдөөчүлөр эң оболу лабораторияда бардык өсүмдүктөрдө болуучу лигнинди синтездеп андан соң күмүш тектүү бөлүкчөгө эмдеп күмүштүн анти микробдук өзгөчөлүгүн теңдөөгө аракет кылууда.
Изилдөөчүлөр нано бөлүкчөлөрдүн кеңири пайдалануу мүмкүнчүлүгүнөн улам айлана- чөйрөгө зыян тийгизбеген формуланын иштелип чыгышына абдан маани беришүүдө.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар