Греция Евро аймагы менен келише албай жатат.
Грециянын кайрылуусун Евро аймагы жетээрсиз деп тапты.
Евро аймагынын каржы министрлери 3 жылдык жаңы куткаруу пакети үчүн кайрылган Грециянын реформа убадаларын жетээрсиз деп тапты.
Каржы министрлеринин Брюсселде 8 сааттан ашкан жыйналышынан майнап чыкпаган соң Европа Биримдигинин саммитинин алдында кайрадан жыйналыш өткөрүлө турганы жарыяланды.
Жыйналышта Грециянын сунушу терең сүйлөшүлүп, насыя рейтинг баасы жана ишеним маселелери талкууланды.
Акыркы 5 жылда жалпысы 240 миллиард евролук куткаруу пакети берилгенине карабастан экономикасын оңдой албаган Греция, 3 жылдык үчүнчү куткаруу пакети үчүн кредиторлордон 53,5 миллиард евро талап кылууда.
Афинанын буга карата убада кылган пенсия реформасы, салыктарды жогорулатуу жана жаңы менчиктештирүүлөр менен катар бир топ үнөмдөөнү камтыган реформа пакетине, кечикккен жана жетээрсиз кадам катары сереп салынды.
Тектеш кабарлар
![Түркиянын косметика экспортунда өсүү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/aead/90ba/6268/667298499fbb9.jpg?time=1718876238)
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
![Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/e6ba/590e/d2a2/66715dd0cba44.jpg?time=1718876238)
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.