Түркия маанилүү транзиттик порт өлкө

"MSC TOKYO" аттуу контейнер кемеси Asyaport портуна келди.

338598
Түркия маанилүү транзиттик порт өлкө

Түркиянын эң чоң, Европанын алдыңкы 10 портунун бири болгон Текирдаг Asyaport портуна биринчи кеме токтоду.
"MSC TOKYO" аттуу контейнер кемеси, жылдык орто эсеп менен 2 жарым миллион контейнер көлөмдүү Asyaport портуна келди.
Алгачкы импорт жүгүн түшүрө турган жана алгачкы экспорт жүгүн ала турган кеме андан соң Алиага портуна барат.
Транспорт, деңиз иштери жана байланыш министрлигинин кеңешчи орун басары Өзкан Пойраз, Түркиянын маанилүү транзиттик порт өлкөсү экенин айтты.
Текирдагдын губернатору Энвер Салихоглу да Asyaport портунун түздөн-түз тапкан кирешелеринен тышкары, жумуш менен камсыздоого да өз салымын кошоорун баяндады.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар