Стамбулга келген турист саны өстү

Стамбулга алты айда өткөн жылдын ушул эле мезгилине караганда 5, 5 пайызга өсүү менен 5 миллион 680 миң 398 турист келди

331549
Стамбулга келген турист саны өстү

Стамбул маданият жана туризм директорлугунун маалыматына караганда Ататүрк жана Сабиха Гөкчен аэропорттору менен Хайдарпаша, Пендик, Зейтинбурну жана Каракөй портторунан бул жылдын январь - июнь мезгилинде Стамбулга келген чет элдиктердин саны өткөн жылга караганда 5, 5 пайызга өстү.
Өткөн жылдын ушул эле мезгилине караганда аба жолу менен келгендер 5, 4 пайыз, деңиз жолу менен келгендер болсо 10, 6 пайызга өсүү көрсөттү. Январь – июнь айларындагы 5 миллион 680 миң 398 зыяратчынын 145 миң 242син Каракөй портуна келген бир күндүк саякатчылар түзөт. Аба жолу менен келген чет элдиктердин 18 пайызы Сабиха Гөкчен аэропортун колдонду.
Шаарга келген туристтердин өлкөлөрүнө караганда биринчи орунду 10, 1 пайыз менен немистер алды. Немистерден кийин 5,6 пайыз менен ираныдктар, 4, 6 пайыз менен америкалыктар, 4, 5 пайыз менен орустар, 4, 1 пайыз менен англистер, 3,7 пайыз менен француздар, 3 пайыз менен сауд аравиялыктар, 2, 9 пайыз менен италиялыктар, 2, 6 пайыз менен ирактыктар, 2, 5 пайыз менен голландиялыктар, 2, 4 пайыз менен кытайлыктар, 2, 3 пайыз менен украиналыктар, 2, 2 пайыз менен ливиялыктар жана сириялыктар, 2 пайыз менен түштүк кореялык туристтер келди.

 

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар