Тышкы соода көрсөткүчтөрү

Тышкы соода таңсыктыгы 6 миллиард 753 миллион долларга түштү.

325900
Тышкы соода көрсөткүчтөрү

Түркиянын статистика мекемеси май айынын тышкы соода көрсөткүчтөрүн жарыялады.
Буга ылайык, май айында тышкы соода таңсыктыгы 7 миллирд 193 миллион доллардан 6 миллиард 753 миллион долларга түштү.
Ушул эле айда экспорт 18,8 пайыз, импорт 14,4 пайызга азайды.
Эң көп экспорт жасалган Европа Биримдиги өлкөсү 1 миллиард 16 миллион доллар менен Германия болду.
Германиядан кийин Англия, Ирак жана Италия турат.
Импортто биринчи орунду болсо 1 миллиард 935 миллион доллар менен Кытай ээледи. Кытайдан кийин Германия, Орусия жана АКШ турат.
Жогорку технологиялык товарлардын өндүрүш өнөр жайы экспортунун ичиндеги үлүшү да 3 жарым пайыз болду.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар