Түркия дүйнөнүн 17-чоң экономикасына ээ

Зейбекчи экспорттун 171 миллиард 500 миллион долларга, тышкы соода көлөмүнүн болсо 500 миллиард долларга жеткенин белгиледи.

323467
Түркия дүйнөнүн 17-чоң экономикасына ээ

Түркия дүйнөнүн он жетинчи Европанын жетинчи чоң экономикасына айланды.
Экономика министри Нихат Зейбекчи Германиянын Кельн шаарында Европа Түрк демократтар биримдиги тарабынан уюштурулган ооз ачуу программасына катышты. Зейбекчи ооз ачууда Европада жашаган түрк жарандары менен жолукту.
Зейбекчи 13 жылда Түркия, дүйнөнүн 17чи жана Европанын 7чи чоң экономикасына айланганын айтты.
Зейбекчи 2008-жылдагы кризистен кийин Европа Биримдиги өлкөлөрүндө иштегендердин санынын ушул күнгө дейре 5 миллион кишиге азайганына карабастан Түркиянын 7 миллион атуулун иш менен камсыздаганын сөз кылды.
Министр Зейбекчи 35 миллиард доллардык экспорттун да 171 миллиард 500 миллион долларга, тышкы соода көлөмүнүн болсо 500 миллиард долларга жеткенин белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар