Таштандыдан энергия алган Швеция
Швеция таштанды импорттоп акча алууда.
Дүйнөдө жаңыланса боло турган энергия булактарынын колдонулушу көбөйүп жатканда Скандинавия өлкөсү Швеция, акыркы жылдарда бул темада эң ылдам кадамдарды таштаган өлкөлөрдөн бири болду. Өзгөчө үй таштандыларынан энергия алыш үчүн пайдаланган бул өлкөдө үйлөрдөн чыккан таштандылардын дээрлик бардыгы электр энергиясын өндүрүүдө колдонулат. Ушул максат менен башка өлкөлөрдүн таштандысын да импорттогон Швеция, 2030-жылга чейин жер астынан чыккан отундардын колдонулушун толугу менен жоюуну максаттап жатат.
Скандинавия өлкөсү-Швецияда үйдөн чыккан таштандылардын заманбап ыкмалар менен иштетилип алынган биогаз, ысынуу үчүн дагы электр энергиясын өндүрүү үчүн дагы колдонулууда. Бул ыкма эң түшүмдүү колдонулган шаарлардан бири өлкөнүн түштүгүндөгү Линкопинг шаары.
Линкопингдин түрк тектүү экология жана энергетика боюнча жооптуу мэри Мухаррем Демирок, Швециянын мамлекет саясаты катары өкмөттөр ишке ашырган «Мунай затсыз өлкө» программасынын алкагында 2030-жылы өлкөнүн жалпысында жер астынан чыккан күйүүчү отундардын колдонулушун соңуна чыгара тургандарын белгиледи.
Тектеш кабарлар
![Түркиянын косметика экспортунда өсүү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/aead/90ba/6268/667298499fbb9.jpg?time=1719102460)
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
![Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/e6ba/590e/d2a2/66715dd0cba44.jpg?time=1719102460)
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.