Биржа биринчи сеанста да жогорулады
Стамбул биржасы бүгүнкү күндүн биринчи сеансын 80 миң 551 балл менен жапты.
Стамбул биржасы бүгүнкү күндүн биринчи сеансын 367 балл жогорулап 80 миң 551 балл менен жапты.
Баалуу кагаздардын баасы орто эсеп менен 0,45 пайыз жогорулады.
Эркин базарда бир Америка доллары 2 лира 73 куруштан, евро 3 лира 8 куруштан сатылууда.
Облигация жана бонд базарларында көрсөткүч облигациянын бириккен пайызы болсо 10,17 пайыздын тегерегинде көрүнүүдө.
Эл аралык базарларда алтындын унций баасы 1179 доллар, ал эми Капалычаршыда «Жумурият» алтыны 694 лирадан сатылууда.
Тектеш кабарлар
Түркиянын аквакультура өндүрүшү өстү
Түркиянын статистикалык мекемеси 2023-жылга карата балык өстүрүү статистикасын жарыялады.
Түркиянын экспортунда рекорд
Соода министри Өмер Болат Стамбулда май айынын тышкы соода көрсөткүчтөрүн жарыялады.