Түркиянын эң ири ишканасы-TÜPRAŞ
Стамбул өнөр жай палатасынын «Түркиянын 500 ири өнөр жай мекемеси» изилдөөлөрү жарыяланды.
Стамбул өнөр жай палатасынын (İSO) 2014-жылдын «Түркиянын 500 ири өнөр жай мекемеси» изилдөөлөрүндө алдыңкы орунду өткөн жылдарда болгону сыяктуу Түркия мунай зат рафинериялары акционердик коому (TÜPRAŞ) алды.
İSO 500 ири өнөр жай мекемеси тизмесине 2014-жылда 52 жаңы фирма кошулду. Булардан кыркы өткөн жылы экинчи «İSO 500 ири өнөр жай мекемеси» тизмесинде орун алса, 12 фирма болсо 2014-жылы İSO 1000 тышынан алдыңкы 500 тизмесине түздөн-түз кирди.
Так өндүрүштөн сатуулар эске алынып иликтөө жасалганда TÜPRAŞ 2014-жылы 337 миллиард 501 миллион 812 миң 917 лиралык так өндүрүштөн сатууда биринчи болсо, 10 миллиард 539 миллион 302 миң 862 лиралык так өндүрүштөн сатуу менен Форд автомобиль өнөр жайы акционердик коому экинчи орунду алды.
Үчүнчү орунда Ояк-Ренаулт болсо, төртүнчү орунга Арчелик жайгашты.
Тектеш кабарлар
![Түркиянын косметика экспортунда өсүү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/aead/90ba/6268/667298499fbb9.jpg?time=1718927634)
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
![Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/e6ba/590e/d2a2/66715dd0cba44.jpg?time=1718927634)
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.