Түркиянын чалап экспорту

2015-жылдын көрсөткүчтөрүнө караганда чалап экспортунун Түркия экономикасына кирешеси 12 миллион долларга жетти.

303828
Түркиянын чалап экспорту

Түркия чалап экспортунда рекордго жетишти.
2015-жылдын көрсөткүчтөрүнө караганда чалап экспортунун экономикалык кирешеси 12 миллион долларга жетти.
Түркияда чалап өндүрүү үстүбүздөгү жылдын алгачкы 4 айында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу өсүү көрсөттү.
Тышкы соода көрсөткүчтөрүнө караганда өткөн жылдын январь-апрель мезгилинде 189 миң 129 тонна чалап өндүрүлсө, быйыл тийиштүү мезгилдин өндүрүшү 191 миң 299 тонна болуп чыкты.
Акыркы 5 жылда чалап экспортунан алынган киреше 11 миллион 853 миң 724 долларга жетти.
Түркия акыркы 5 жылда 16 өлкөгө чалап экспорттоду. Түркиянын кошумчасыз жана татымал кошулган чалаптары, АКШ, Иран, Ирак, Кувейт, Сингапур сыяктуу ар башка өлкөлөрдө кардар тапты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар