Орусия менен БУУ биргелешкен фонд түзөт

Фонддун каражаттары Орусияга коңшу өлкөлөргө финансылык колдоо көрсөтүү үчүн колдонулат.

302169
Орусия менен БУУ биргелешкен фонд түзөт


Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен БУУнун баш катчысынын орун басары жана БУУнун Өнүгүү программасынын төрайымы Хелен Кларктын ортосундагы жолугушууда Орусия менен БУУнун ортосунда 25 миллион доллардык биргелешкен фонддун түзүлүүсүнө байланыштуу келишимге кол коюлду.
Тараптар бул фонддун каражаттарынын Орусияга коңшу өлкөлөргө финансылык колдоо көрсөтүү үчүн колдонула турганын белгилешти.
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, учурда БУУнун Өнүгүү программасынын негизинде Тажикстан, Кыргызстан, Армения жана Белоруссияга финансылык жардам көрсөткөн Орусиянын бул фонд аркылуу коңшу өлкөлөргө карай таасирдүүлүгүн жогорулата турганы баяндалды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар