Экспорт кайрадан өсөт

Министр Зейбекчи экспорттун көлөмүн 2023-жылы 500 миллиард долларга жеткирүүнү максаттагандарын айтты.

300840
Экспорт кайрадан өсөт

Экономика министри Нихат Зейбекчи өкмөттүн чара көрүүлөрүнүн негизинде экспорттун көлөмү жылдын экинчи жарымынан тарта кайрадан жогорулай турганын айтты.
Денизлиде сөз сүйлөгөн Зейбекчи, өзгөчө жогорку технологиялык товарлардын экспорттун ичиндеги үлүшүн көбөйтүүнү максаттагандарын белгиледи.
Бардык секторлорго байланыштуу структуралык реформаларды жүргүзүп жаткандарын баса белгилеген Зейбекчи: «Түркия катары эмне жасаганыбызды билебиз, дүйнөдөгү ордубузду билебиз. Экспортту дагы да жогорулатабыз»,-деди.
Министр Зейбекчи экспорттун көлөмүн 2023-жылы 500 миллиард долларга жеткирүүнү максаттагандарын да кошумчалады.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар