Түркиядагы саясий ырааттуулук бардык нерсенин негизи

Бабажан: «Экономикадагы өсүүнүн булагы ырааттуулук жана коопсуздук чөйрөсү»

279310
Түркиядагы саясий ырааттуулук бардык нерсенин негизи

Вице-премьер Али Бабажан Шанлыурфада ишкерлер жана жарандык коомдук уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту. Түркиянын экономикалык өсүүсүнө көңүлдөрдү бурган Али Бабажан эң чоң булактын ырааттуулук жана коопсуздук чөйрөсү экенин айтты.
Бабажан: «12 жылдын ичинде 230 миллиард доллардан 800 миллиард долларга жеткен экономикабыз бар»,- деди.
Өнүгүүнүн себебине токтолгон Бабажан: «Түркиядагы саясий ырааттуулук бардык нерсенин негизи. Ырааттуулук болсо бардык нерсе жеңил болот. Ырааттуулук күчтүү болсо экономикадагы ийгилик артат»,-деп кошумчалады.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар