Түрк аба жолдорунун Майамиге каттамдары 25-октябрда башталат

Каттамдар жуманын жети күнү эки тараптуу түрдө жүргүзүлөт.

273256
Түрк аба жолдорунун Майамиге каттамдары 25-октябрда башталат

Түрк аба жолдорунун АКШнын Майами шаарына түз каттамдары 25-октябрда башталат.
Түрк аба жолдорунун билдирүүсүнө караганда, Америка материгинде Буэнос-Айрес, Сан-Паулу, Торонто, Чикаго, Хьюстон, Лос-Анджелес, Нью-Йорк, Вашингтон, Бостон, Монреаль жана Сан-Францискодон кийин Майами учуу желесине кошулган 12-жер болот.
Каттамдар жуманын жети күнү эки тараптуу түрдө жүргүзүлөт.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар