Экспорт виза эркиндиги менен чогуу өсөт

Давутоглу виза эркиндиги келишиминин 2015-жылы 76 өлкөгө жайылганын, бул сандын дагы да өсө турганын айтты.

270301
Экспорт виза эркиндиги менен чогуу өсөт

Өкмөт Башчы Ахмет Давутоглу Стамбулдагы Чыраган сарайында уюштурулган Түркия экспортчулар ассамблеясынын кеңешүү жыйынына катышты.
Давутоглу ал жердеги сөзүндө 2002-жылы 42 өлкө менен түзүлгөн виза эркиндиги келишиминин, 2015-жылы 76 өлкөгө жайылганын, бул сандын дагы да өсө турганын айтты.
Түрк экспортчусунун дүйнөнүн ар бир булуң-бурчуна виза санаасы болбостон эркин саякат кыла алууларын каалагандарын баса белгилеген Давутоглу, экспорттун өсүүсүнүн Түркиянын ар бир шаарында көңүл буруучу деңгээлде болгонун айтты.
Давутоглу: «Экспорттун өсүшүнүн 5 эседен дагы аз өскөн шаар көргөн жокмун. Айрым жерлерде 10 эсеге чыгууда. 1 миллиард доллардан ашуун экспорт жасаган шаарларыбыздын саны 5тен 16га жетти»-деп айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар