Энергетика жана экология жарманкеси менен конференциясы
21-Эл аралык энергетика жана экология жарманкеси менен конференциясы Стамбулда эртең башталууда.
Энергетика секторунун эң маанилүү платформасы болгон энергетика жана экология жарманкеси менен конференциясы (ICCI) «Энергетика секторунда 21-жыл» урааны менен 3 күнгө созулат.
Энергетика жана жарытылыш ресурстары министрлиги, Экология жана шаар пландоо министрлиги менен Энергетика рыногун жөнгө салуу мекемесинин колдоосунда өткөрүлө турган «ICCI-2015» 21-Эл аралык энергетика жана экология жарманкеси менен конференциясына 35 өлкөдөн 400гө жакын фирма катышат.
Ачылышын энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Танер Йылдыз ишке ашыра турган иш-чаранын алкагында 36 башка отурумда 200 доклад окулат.
Отурумдарда электр энергиясын берүү сектору, жаңыланса боло турган энергетика инвестициялары, электр энергия рыногунун мыйзамдары, күн энергиясы системалары, термикалык станциялар, көмүр иштетүү, атомдук энергия, шамал энергиясы сектору сыяктуу ар башка темалар талкууланмакчы.
Тектеш кабарлар
![Түркиянын косметика экспортунда өсүү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/aead/90ba/6268/667298499fbb9.jpg?time=1718815227)
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
![Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/e6ba/590e/d2a2/66715dd0cba44.jpg?time=1718815227)
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.