Туризм кирешелери

Биринчи чейректе туризм тармагынан түшкөн кирешелер өстү.

256599
Туризм кирешелери


Түркиянын статистика мекемеси жылдын биринчи чейрегине байланыштуу туризм көрсөткүчтөрүн жарыялады.
Буга ылайык туризм кирешеси жылдын биринчи чейрегинде өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 1,3 пайыз өстү жана 4 миллиард 868 миллион 890 миллион долларга жетти. Туризм кирешесинин 78,8 пайызы чет элдик туристтерден, 21,2 пайызы болсо чет өлкөдө жашаган түрк жарандарынын саякаттарынан түштү.
Ушул чейректе сарпталган каражаттардын 4 миллиард 457 миллион 546 миң доллары жекече, 411 миллион 343 миң доллары болсо турпакет каражаттары түздү.
Жылдын биринчи чейрегинде туристтердин киши башына сарптаган каражат орто эсеп менен 911 доллар болсо, чет элдиктер болжол менен 884 доллар, чет өлкөдө жашаган түрк жарандары болсо 994 доллар сарптаган.
Түркияда эс алып кеткен туристтердин саны аты аталган мезгилде 5,5 пайыз өсүп 5 миллион 344 миң 575 киши болду. Булардын 80,7 пайызын чет элдиктер, 19,3 пайызын болсо чет өлкөдө жашаган түрк жарандары түздү.
Өлкөнүн ичинде жашап башка өлкөлөрдү кыдырган жарандардын сарптаган каражаттарынан турган туризм кирешеси да өткөн жылдын тийиштүү чейрегине салыштырмалуу 6,1 пайыз азайып, 1 миллиард 282 миллион 504 миң доллар болду. Мунун 1 миллиард 27 миллион 542 миң доллары жекече, 254 миллион 962 миң доллары болсо турпакет каражаттары түздү.
Аты аталган мезгилде чет өлкөгө барып келген жарандардын саны өткөн жылдын чейрегине салыштырмалуу 7,9 пайыз өсүп 1 миллион 865 миң 59 киши болду.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар