Түркияда күндүн энергиясы менен иштөөчү автобус өндүрүлдү
Жергиликтүү «күндүн энергиясы менен иштөөчү автобус» сыноо үчүн жолго чыгарылды.
Жакынкы Чыгыш техникалык университетинин күндүн энергиясын изилдөө борбору жана МАN Түркия акционердик коому биргелеше 100 пайыз жергиликтүү мүмкүнчүлүк менен өнүктүргөн технологиясы аркылуу түшүмдүү электр энергиясын өндүрө алган, Түркиянын алгачкы күн панели менен иштеген автобусун жолдо сыноого чыгарды.
Автобусту таанытуу максатында Жакынкы Чыгыш техникалык университетинин изилдөөчүлөрү, Энергетика министрлигинин жооптуулары жана чакырылгандардын катышуусунда МАN Түркия акционердик коомунун ишканаларында азем уюштурулду.
Күндүн энергиясы менен иштөөчү автобус муздаткыч, жүргүнчүгө атайын мультимедиа бөлүмдөрү, кабелсиз интернет тейлөөлөрү, муздак-ысык суу бөлүмдөрү менен жүргүнчүлөрүн тейлейт.
Күн көпкө тийген Түркия, дүйнөдө пайдаланылса боло турган бул технологияга жол башчылык кыла тургандай потенцияга ээ өлкө.
Тектеш кабарлар
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.