Аккую атомдук станциясы
Аккую атомдук станциясынын пайдубалы түптөлдү.
Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Танер Йылдыз менен Орусиянын атомдук энергия фирмасы Росатомдун башкы директору Сергей Кириенко Түркиянын эң чоң энергетика долбоору болгон Аккую атомдук станциясынын пайдубалын чогуу түптөштү.
Танер Йылдыздын айтымына караганда 20 миллиард доллардык Аккую атомдук станциясы Түркиянын эң чоң энергетика долбоору болот.
Йылдыз бул станциянын бир гана электр энергиясын өндүрүү үчүн эмес өнөр жайды өнүктүрүүдө да чоң үлүшкө ээ болоорун, курулуш процессинде 10 миңге жакын кишинин жумуш менен камсыздала турганын баса белгиледи.
Ар бири 1200 мегаваттык күчтө 4 блоктон түзүлө турган станциянын биринчи реакторду 2019-жылы ачылат.
Өндүрө турган электр энергиясы менен Түркиянын энергетика талабын чоң өлчөмдө камсыздай турган Аккуюнун иштетүү мөөнөтү 60 жыл болот.
Түркия менен Орусия Федерациясынын ортосунда атомдук станция курууга байланыштуу алгачкы кызматташтык келишимине 2010-жылы кол коюлган болчу.
Тектеш кабарлар
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.