Индияда мыйзамсыз соодагерлер өлтүрүлдү

Андра Прадеш провинциясында полиция менен кагылышкан 20 мыйзамсыз соодагер өлтүрүлдү.

230232
Индияда мыйзамсыз соодагерлер өлтүрүлдү

Индиянын түштүгүндөгү Андра Прадеш провинциясында полиция менен кагылышкан 20 мыйзамсыз соодагер өлтүрүлдү.
Тирупати шаарынын жакынында полиция, токойдо сандал (santalum) дарагын кыйып жаткан мыйзамсыз соодагерлерге операция уюштурду. Мыйзамсыз соодагерлерге каршы жүргүзүлгөн операцияга ок атып жооп кайтарганы боюнча кагылышуу башталган.
Индиянын сандал дарагы Кытай жана Япония сыяктуу өлкөлөрдөн көп талап алууда жана көмүскө базарда 80 миң доллардан алуучу табууда. Ушул себептен өлкөнүн түштүгүндөгү шаарларда сандал дарагын уурдап сатуу көп кездешет.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар