Айдоочусуз жүрүүчү унаа

Унаа, айдоочусуз Сан-Францискодон Калифорнияга чейин 5 миң 632 км жолду басып өтмөкчү.

280882
Айдоочусуз жүрүүчү унаа

Өнүккөн айдоону колдоо программасы менен айдоочусуз жүргөн « Audi SQ5» жекшемби күнү дүйнөнүн эң узун айдоо сыноосуна чыгат.
Унаа, айдоочусуз Сан-Францискодон Калифорнияга чейин 5 миң 632 км жолду басып өтмөкчү.
Audi бул айдоосу менен потенциалдуу жол коркунучтарын, аба жана аянттардагы өзгөрүүлөр менен катар ар түрдүү айдоо шарттарын да сынаган болот.
"Audi SQ5" навигация системасы, камералар жана ар түрдүү сенсорлору менен адам сымал чечим чыгара алган интерактивдүү программалар тарабынан текшерилет.
Унаада шаар ичинде автоматтуу айдоочу, автожолдо автоматтуу айдоочу, автопаркта автоматтуу айдоочу жана машинаны жайгаштыруучу тандоолор орун алган.
Унаанын бардык өзгөчлүктөрү Сан-Францискодон Калифорнияга чейин 10 күндүк айдоодо сыналмакчы.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар