Хакерди кармаганга чоң сыйлык!

Хакерди кармаганга жардам берген киши 3 миллион доллардык сыйлык алат.

237042
Хакерди кармаганга чоң сыйлык!


Америка Кошмо Штаттары орус хакер Эвгений Богачевдун кармалышына жардам көрсөткөн кишиге 3 миллион доллардык сыйлык берет.
Бул акча ушул учурга чейин бир хакер үчүн ортого сайылган эң чоң сыйлык.
Богачев өткөн жылы 100 миллион доллардан ашуун акча уурдалган хакердик чабуул жасагандыгы менен күнөөлөнүүдө.
Орус хакердин адамдарды алдап, жаман максаттуу программаларды компютерлерине жүктөгөнү жана ушул жол менен каржы маалыматтарын билип алганы белгиленди.
АКШнын Федералдык иликтөө бюросунун хакердик чабуул жасагандардын тизмесинде эң башта орун алган Богачевдин акыркы жолу Орусияда жүргөнү аныкталган.
Вашингтон менен Москванын ортосунда кылмышкерлерди өткөрүп берүү келишими жок болгондуктан Богачевдин оңой кармалышы күтүлбөй эле.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар