«Түрк агымы» долбоору

Путиндин Венгрияга сапарында «Түрк агымы» сүйлөшүлдү.

222490
«Түрк агымы» долбоору


Расмий иш сапары менен Венгрияга барган Орусиянын президенти Владимир Путин премьер-министр Виктор Орбан менен мөөнөтү ушул жылы аяктай турган газ келишимин жаңылоо боюнча макулдашты.
Жаңы келишимке акыркы формасы берилгенден кийин кол коюлат.
Жаратылыш газынын 85 пайызын өлкөсү камсыздаган Путиндин Венгрияга сапарында «Түштүк агым» жана «Түрк агымы» долбоорлору да күн тартибине коюлду.
Владимир Путин: «Түштүк агым долбоорунан баш тарткан жокпуз, ишке ашырууга уруксат берилбеди. Ушул себептен Орусия бул долбоорду жоюуга аргасыз болду»,- деп айтты.
Путин «Түштүк агым» долбооруна байланыштуу орус жана венгер өнөктөштүгүндө түзүлгөн «South Stream Hungary» компаниясы «Түрк агымы» долбоорунун Венгрия бөлүмүндө колдонулушу мүмкүн экенин сөз кылынды.
Орус лидер айрыкча газдын Түркиядан Европага жеткирилүүсү үчүн ар кандай колдоо көрсөтө тургандарын, тылдык камсыздандыруу маселелери чечилген учурунда Болгария аркылуу да газ жөнөтүүгө даяр экендиктерин белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар