Түрк аба жолдору жаңы жерлерге каттайт

Түрк аба жолдору Абуджа, Манила жана Тайбэйге каттаммдарын баштайт.

216018
Түрк аба жолдору жаңы жерлерге каттайт

Түрк аба жолдору март айында Абуджа, Манила жана Тайбэйге каттаммдарын баштайт.

Түрк аба жолдорунун басма сөз кеңешчилиги маалымдагандай Түрк аба жолдору март айында үч жаңы жерди учуу желесине кошот.

Түрк аба жолдорунун Африка материгине каттай турган 38-жер болгон Нигерия Федералдык Республикасынын борбор шаары Абуджага 3-марттан баштап шейшемби, бейшемби, жума, ишемби жана жекшемби күндөрү эки тараптуу каттамын жүргүзө баштайт.

Филиппиндин борбор шаары Манилага каттамдар 30-марттан баштап дүйшөмбү, шаршемби жана ишемби күндөрү болуп жумасына 3 күн эки тараптуу аткарылат. Тайбэйге каттамдар болсо 31-марттан баштап жумасына 7 күн Стамбулдан эки тараптуу жүргүзүлөт.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар