Чоң жыйырмалыктын алгачкы жыйыны

Али Бабажан: «Дагы жогорку өсүүгө жетүү үчүн негизги жагдай эми ишеним болот»-деди.

215588
Чоң жыйырмалыктын алгачкы жыйыны

Вице-премьер Али Бабажан: «Дагы жогорку өсүүгө жетүү үчүн негизги жагдай эми ишеним болот»-деди.
Бабажан Стамбул конгресс борборунда уюштурулган Чоң жыйырмалыктын (G-20)каржы министрлери жана Борбордук банк башчыларынын жыйналышынын ачылышында сөз сүйлөдү.
2015-жылы кезектешкен төрагалыкты милдеттенген Түркияда Чоң жыйырмалыктын алгачкы жыйналышынын башталганын эске салган Бабажан, быйылкы жыйналыштарда абдан маанилүү карым-катнаштар боло турганын сөз кылды.
Бабажан үстүбүздөгү жылда 15-16-ноябрь күндөрүндө Антальяда уюштурула турган саммитке чейин абдан маанилүү жыйналыштарды өткөрө тургандарын түшүндүрүп, бул жыйналыштарда Чоң жыйырмалыкка кирген өлкөлөрдүн өнүгүүсүнө атайын токтоло тургандарын сөз кылды.
Быйыл атайын токтоло турган 3 негизги сөздүн; ишке ашыруу, инвестициялар жана камтуучулук болгонун айткан Бабажан: «Быйыл глобалдык экономиканын ылдам түрдө калыбына келе турганын ойлоодобуз. Экономикалык Кызматташтык жана Өнүгүү Уюмунун (OECD) жана Эл аралык Валюта Фондунун 2018-жылы глобалдык өсүүнүн дагы 2 балл өсө турганын божомолдоду. Бул максаттын жетилсе боло турганы жагынан абдан маанилүү. Дагы жогорку өсүүгө жетүү үчүн негизги жагдай эми ишеним болот»-деп айтты.
Вице-премьер Али Бабажан инвестициялардын быйыл да күн тартиптин маанилүү бөлүгү боло турганын белгилеп: «Мамлекеттик инфраструктура долбоорлоруна дагы көп булак бөлүнүшү, үстүндө иштей ала турган башка алдыңкы пландарыбыз болот»-деди.
Ишке ашыруунун маанисине да токтолгон Бабажан, бир топ өлкөдө проблемалардын жана булардын чечилишинин белгилүү болгонун, бул үчүн эрк жана кайраттуулук керектигин баса белгиледи.
Чоң жыйырмалыктын каржы министрлери жана Борбордук банктарынын башчыларынын жыйналышына 16 өлкөдөн министрлер, Эл аралык Валюта Фондунун (IMF) төрайымы Кристин Лагард менен АКШнын борбордук банкынын (FED) төрайымы Жанет Йеллен баш болгон 17 борбордук банктын жетекчилери катышууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар