Өлкөнүн ичиндеги туризм изилдөөлөрү
2014-жылы жергиликтүү эс алуучулардын саны өстү.
2014-жылдын үчүнчү чейрегинде саякатка чыккандар 10,7 миллиард лира сарпташты.
Түркиянын статистика мекемеси 2014-жылдын үчүнчү чейрегине байланыштуу туризм изилдөөсүнүн жыйынтыктары жарыяланды.
Буга ылайык үчүнчү чейректе Түркияда жашаган 22 миллион 18 миң киши өлкөнүн ар кайсы жерине саякатка чыкты.
Өлкөнүн ичиндеги жалпы саякат саны мурдагы жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 7,1 пайыз өсүп 28 миллион 332 миң болду.
Ушул эле мезгилде жергиликтүү эс алуучулардын өлкөнүн ичиндеги саякат үчүн сарптаган акча 30,7 пайыз өсүп, 10 миллиард 693 миллион лира болду.
Тектеш кабарлар
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.