İMF дүйнөлүк өсүү божомолун төмөндөттү
Буга ылайык быйылкы өсүү божомолу 3,8 пайыздан 3,5 пайызга түштү.
Эл аралык валюта фонду (İMF) дүйнөлүк өсүү божомолун төмөндөттү.
İMF төмөндөгөн мунай бааларынын дүйнөлүк экономикага колдоо көрсөткөнүнө карабастан айрым коркунучтардын өсүүнү акырындатканын белгилеп, 2015-2016-жылдарга карата дүйнөлүк өсүү божомолун азайтты.
Эл аралык валюта фонду Дүйнөлүк экономикалык көрүнүш отчетун жаңылады. Буга ылайык быйылкы өсүү божомолу 3,8 пайыздан 3,5 пайызга азайды. Келээрки жылга божомолу да 4 пайыздан 3,7 пайызга түштү.
Төмөндөтүүнүн Евро аймагы, Япония, Кытай жана Орусия экономикаларындагы кырдаалдарды чагылдырганы белгиленип, октябрда жарыяланган мындан мурдагы отчетунан бери дүйнөлүк экономикага багыт берген факторлордун, төмөндөгөн мунай баалары, күчтөнгөн АКШ доллары, өнүккөн өлкөлөрдүн ортосундагы айырмачылыктар жана жогорулаган базар экономикаларындагы пайыздын өсүүсү катары тизмеленди.
Тектеш кабарлар
![Түркиянын косметика экспортунда өсүү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/aead/90ba/6268/667298499fbb9.jpg?time=1718832984)
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
![Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/e6ba/590e/d2a2/66715dd0cba44.jpg?time=1718832984)
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.