Соода кеңешчилеринин конференциясы
Быйыл үчүнчүсү өткөрүлгөн конференцияга көптөгөн өлкөнүн соода-сатык боюнча кеңешчилери катышты.
Дүйнөнүн көптөгөн өлкөсүнөн келген соода кеңешчилери Анкарада жолугушту.
Конференцияда Түркиянын экспортуна байланыштуу темалар каралды.
Быйыл үчүнчүсү өткөрүлгөн Соода кеңешчилеринин конференциясына катышкан энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Танер Йылдыз төмөндөгөн мунай бааларынын мунай зат кардарлары үчүн 950 миллиард доллардык киреше алып келээрин айтты.
Конференцияда өнүгүү министри Жевдет Йылмаз да Түркиянын экспорттогу ийгилигине көңүлдөрдү бурду.
Өткөн жылы экспорттун рекорддук деңгээлде өскөнүн баса белгилеген Йылмаз: «Аймагыбызда абдан маанилүү геополитикалык коркунучтар болгон учурда экспортто жакшы ийликтерге жетишип таңсыктыкты азайттык. Алдыбыздагы перспективада да ушул иш-чараларыбыз уланат»,-деди.
Маданият жана туризм министри Өмер Челик да маданий дипломатиянын саясий жана экономикалык алакаларга салымын кошоорун баса белгилеп: «Абдан маанилүү маданий иш-чараларды жүргүздүк. Өткөн жылы туристтер эң көп кыдырган алтынчы өлкө болдук»,-деп айтты.
Экономика министри Нихат Зейбекчи да Тышкы экономикалык байланыштар кеңеши уюштурган сый тамакта соода кеңешчилери менен жолугушту.
Түркия менен Орусиянын ортосундагы экономикалык карым-катнаштарга токтолгон Зейбекчи, Орусия менен болгон соода-сатыктын алдындагы бардык тоскоолдуктарды жоюуга аракет кылып, эки өлкөнүн ортосундагы тышкы соода көлөмүн 100 миллиард долларга жеткирүүнү максаттагандарын айтты.
Тектеш кабарлар
![Түркиянын косметика экспортунда өсүү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/aead/90ba/6268/667298499fbb9.jpg?time=1718864691)
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
![Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/e6ba/590e/d2a2/66715dd0cba44.jpg?time=1718864691)
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.