2015-жылдын бюджети кабыл алынды

Бюджет боюнча мыйзам долбоору Түркия Улуу Улуттук Парламентинде кабыл алынды.

157079
2015-жылдын бюджети кабыл алынды

2015-жылдын бюджети кабыл алынды.
Борбордук башкаруунун бюджет боюнча мыйзам долбоору Түркия Улуу Улуттук Парламентинде 145 «каршы», 297 «макул» добушу менен кабыл алынды.
2015-жылдын бюджетинде 520.4 миллиард лиралык каржылоо, 499.5 миллиард лиралык киреше көздөлдү.
Мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин ырахмат айтуу иретинде сөз сүйлөгөн вице-премьер Али Бабажан сүйлөшүүлөр убагындагы сындоо жана сунуштар өздөрү үчүн абдан пайдалуу болгонун белгиледи.
Бабажан бюджеттин Түркия үчүн жана Түркия колдогон өлкөлөр үчүн жолдуу болушун тиледи.
Сүйлөшүүлөр аяктагандан кийин Түркия Улуу Улуттук Парламенти 2015-жылдын 6-январына чейин эс алууга чыкты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар