Орусияга карай санкциялар

Санкциялар орус экономикасына терс таасирин тийгизди.

135471
Орусияга карай санкциялар


НАТОнун жыйыны үчүн Брюсселге барган Американын мамлекеттик катчысы Жон Керри Орусияга карай экономикалык сакциялардын таасирлерин көрсөтө баштаганын айтты.
Украинанын чыгышындагы кризистен Орусияны жооптуу көргөн Керри, Киев бийлигине аскердик жана экономикалык колдоонун улана турганын билдирди.
Керри: «Орусия Минск кол койгон макулдашуунун эрежелерин орундатпай жатат. Бул да бизди санкция киргизүүгө аргасыз кылууда»,- деп айтты.
Москванын санкцияларга карабастан артка кадам таштабай жатканын эске салган Керри: «Санкциялар таасирин көрсөтө баштады. Орус экономикасы чоң чыгымга учурады. Рубль 1990-жылдардан берки эң төмөнкү деңгээлде»,-деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар