Түркиянын экспорту өсүүдө
Зейбекчи: «Экспорт 160 миллиард доллардан ашты»
Экспорт көрсөткүчтөрүн дагы да жогорулатууну каалгандарын белгилеген экономика министри Нихат Зейбекчи 2023-жылга карата максаттарынын негизинде кыймыл планын түзгөндөрүн айтты.
Айдында сөз сүйлөгөн Зейбекчи экспорттогу өсүүгө көңүлдөрдү буруп, партиясы бийликте турган мезгилде Түркиянын экспорту 36 миллиард доллардан 160 миллиард долларга жеткенин айтты.
Бул өсүүнү дагы да жогорулатуу үчүн иш-чаралардын улантылуусу керектигин баса белгилеген Зейбекчи: «25 башка тармакта 1250 кыймыл планы менен Түркияны кайрадан жаңылап жатабыз»,- деди.
Тектеш кабарлар
![Түркиянын косметика экспортунда өсүү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/aead/90ba/6268/667298499fbb9.jpg?time=1718898825)
Түркиянын косметика экспортунда өсүү
Түркиянын косметика тармагынын былтыркы экспорту 1 миллиард доллардан ашты.
![Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/e6ba/590e/d2a2/66715dd0cba44.jpg?time=1718898825)
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.